Жакшы апа болуунун 20 эрежеси

Ар бир аял жакшы апа, адал жар, эң башкысы мээримдүү эне болгусу келет. Бирок күнүмдүк жашоодо керек болгон  эң эле жөнөкөй сезимдер эсибизден чыгып, унутта калып бараткандай.

Картинки по запросу мама с детьми

 

Чындыгында кээде балдарыбызга  жакшы көрүшүбүздү айтканга эле эмес,  кучактооого да убакыт таппай калабыз. Келиңиз, балдарды бактылуу кылган учурларды биргеликте эстеп көрөлү.

  1. Балага “Мен сени жакшы көрөм” деп дайыма айтып туруу керек. Бул сөз ашыкча болбойт.
  2. Балдарды кучактап, көп жагымсыздыктарды унутууга болот. Жумуштан  көңүлүңүз чөгүп келгенде “ Балам, кел мени кучактачы” деңиз. Жеңилдеп, чарчооңуз жазылат.
  3. Балдар менен кечки тамакты ичип жатканда, күндү кандай өткөргөнүн, кандай кызыктуу учурлар болгонун милдеттүү түрдө сураңыз.
  4. Кээде баланы башкалардын көзүнчө мактоо маанилүү. Анткени алар мындай учурга муктаж болушат.
  5. Баланын кичинекей жардамына ыраазы экениңизди билдириңиз.
  6. Мүмкүн болушунча балаңызды сүйүп, кучактаңыз.
  7. Балага бардык нерсени жүрөккө жакын кабыл албоо керектигин үйрөтүңүз. Бардык адам ката кетирет, бирок өз кемчилигин оңой кабыл алуу да жакшы сапаттардын бири экенин айтып түшүндүрүңүз.
  8. Балаңыз үчүн убакыт ажыратыңыз. Чогуу өткөргөн ар бир учур анын эсинде калып, мамилеңер бекемделет.
  9. Балага дайым эле тыюу сала берген болбойт. Анын айрым  кылык-жоругун түшүнгүңүз келбесе да ага тыюу салбаңыз.
  10. Баланын таңы, дегеле уйкудан турган кези жылмаюу, сүйүү менен башталышы керек. Аны “Бол батыраак, кечигип калабыз” деп шаштырбаңыз. .
  11. Балаңыз сизге эмне жөнүндө сүйлөсө да, ал сизге кызыктуу окуя айтып берип жаткандай көңүл буруңуз.
  12. Кемчиликтерин моюнга ала билүүсү зарыл. Сиз өз катачылыктарыңызды сезе билсеңиз, баланыз да катасын билүүнү үйрөнөт. Мына ошондо ал жалгыз эле балдар ката кетирбей турганын түшүнөт.
  13. Бала-бакчадагы досунун ысымы, ойногон оюнчуктарынын аттары,  дегеле балаңызга тиешелүү нерсенин баары  сиз үчүн маанилүү болушу керек.
  14. Кээде жомоктун ордуна ага өзүңүздүн жашооңуздагы болуп өткөн бир окуяны айтып бериңиз. Мындай учур экөөңүздөрдү эле эмес, жалпы үй-бүлө мүчөлөрүн жакындатат.
  15. Айрым учурларда балага аз да болсо тартип бузууга уруксат берүү керек: кечке чейин телевизор көрсүн, анча-мынча мектепке деле барбасын. Ушундай сейрек берилчү мүмкүнчүлүктөр бала үчүн чоң майрам экендигин эстей жүрүңүз.
  16. Сиз өзүңүздүн туура эмес кылганыңызды түшүнсөңүз, кечирим сураңыз. Бул өтө маанилүү.
  17. Балага өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бериңиз.
  18. Эгер бир нерсеге убада берсеңиз, аны милдеттүү түрдө аткарыңыз. Убаданы ишке ашыра албасаңыз,  жөн эле койгонуңуз  дурус.
  19. Балаңызга анын атасы дүйнөдөгү эң мээримдүү, эң күчтүү ата экендигин бат-баттан айтып туруңуз.
  20. Балаңыздын сизге жасаган ар бир белегин, тарткан сүрөттөрүн, куттуктоолорун сактап коюңуз. Аларды дайыма карап, өзүнө көрсөтүп, эстетип турган да жакшы.

Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген