Жакпаган жумушту кантип жакшы көрөбүз?

Статистикалык маалыматтар боюнча беш адамдын ичинен бирөө гана өз жумушун жактырат. Калганы жумуш канчалык оор болуп, оюндагыдай болбосо да, жакшы иштеп кетээрмин  деген кыялы менен орношуп алышат. Келиңиз, жакпаган жумушту кантип жакшы көрүүгө болот? Бул суроого биргеликте  жооп издеп көрөлү.

Жумуш жакпай калышынын негизги себептери:

  • алган маяна эч нерсеге жетпейт;
  • кылган ишине жараша акы төлөнбөйт;
  • шарты ыңгайсыз;
  • иштөө сааты көп;
  • ушакчы жамаат;

Мындай абалдан чыгып кетүү үчүн, баарына кол шилтеп, бизнес жасоо ыңгайлуу. Мына ошондо гана эч кимге баш ийбей, өз алдыңча тынч жашап калсаң керек. Бирок бат эле  бизнесмен болуу да ар кимдин эле колунан келе бербейт экендиги талашсыз. Башка айлак жок, эми эмне кылуу керек? Албетте, жакпаган ишти сүйүктүү жумушка айландыруу зарыл.

Демек, жакпаган ишти кантип жакшы көрүүгө болот?

Алгач ишиңиз чындап эле өзүңүзгө жагаарын аныктап алыңыз. Дал ошол жасап жаткан жумушуңуз менен өзүңүздүн сүйүктүү жумушуңуздун ортосундагы окшоштук, байланыштарды издеп табууга тырышыңыз. Мына ушул иш, сиз сүйгөн жумушка алып барат деп кыялданыңыз.

Эгер жетекчиңиз сиздин маанайыңызды түшүрө турган кептерди айта турган болсо, аны көп эле көңүлгө жакын ала бербеңиз. Андай кептерди кулак сыртынан кетиргенди үйрөнүңүз. Ал адамды  сиз башчыңыз эмес, катардагы эле ташпырма берүүчү адам деп эсептеп коюңуз.

Жумуш убактысы бүтөөр замат эле кеңседен чыгып кетүүгө ашыгыңыз. Жумуштан кийин өзүңүзгө убакыт арнап, бош олтурганыңызда  өзүңүзгө жаккан иш менен алек болуңуз.

Сүйүктүү жумушуңузду дайым аткара жүрүңүз. Кийим токуу, ыр жазуу, сүрөт тартуу, китеп окуу сыяктуу хоббилериңиз болсо, аларга убакыт ажыратыңыз. Мына ошондо гана жумушта орун алган жагымсыздыктарды унута аласыз.

Айланаңыздагы адамдар менен мамилеңизди өзгөртүп көрүңүз. Көңүлүңүзгө жакпаган киишилер менен мамилеңизди жакшыртыңыз. Алардын жообу сизди кубандырбаса да, ачууга алдырбаңыз. Мүмкүн болушунча сылык болуңуз. Мындай адамдар менен канчалык мамилени жакшыртсаңыз, аларды дагы да жакыныраак биле аласыз.

Өзүңүзгө өзүңүз дем бериңиз. Жумушка баратканда ар бир кадамыңызды максатка жетелей турган жол  деп билиңиз. Мына ушундай аракет менен жүрсөңүз,  жакпаган жумушту да жакшы көрүп калышыңыз толук ыктымал. Андыктан баары өз колуңузда.

Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш☺

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген