Жайытка айланган тарыхый жай. Сүрөт-Таш качан корукка алынат?

Кара-Суудагы Сүрөт-Таш тоосу  тарыхый жайга айланат. Бул боюнча Маданият министрлиги сунуштама даярдап, өкмөткө жиберген . Эгер колдоо тапса, ташка чийилген аргымактардын сүрөттөрү тартылган тоо кайтарылып, туристтерди тартат.Учурда аска бетине чегилген Сүрөт-Таш  жергиликтүү тургундарын мал жайуучу жайына айланып,  үйлөр да  курула баштаган. Маданият министрлигинин Оштогу өкүлү бул боюнча изилдөөлөр толук бүтө электигин айтат.

Республикалык маанидеги мындай петроглифтер  түштүк аймагында көп. Ал эми Сүрөт- Таштын келечеги үчүн өкмөткө эки жолу кат жолдогонбуз ”-дейт КРнын маданият маалымат жана туризим министринин Ош облусундагы өкүлү  Орозбек Ашыров.

Өзбекстан менен Кыргызстанды бөлүп турган Сүрөт-Таш тоосунда Байыркы Даван мамлекетинин аргымактарынын сүрөттөрү бар.

“Учурунда асмандан түшкөн аргымактар дал ушул Фергана өрөөнүнө таандык болуп, бул жайда Даван мамлекети жайгашып, ошол кездеги моюну  койкойгон, башы кичине, буттары ичке, келишимдүү аттар болгон”,- дейт тарыхчы Кадыр Жолдошов.

Сүрөт-Ташты Илимдер академиясы изилдеп аянтын тактаган. Анын негизинде жергиликтүү бийликке тапшырмалар берилип, курулуш жүргүзүүгө жана таштарга сүрөт тартууга тыюу салынган. Буга катар эле өкмөткө бул жайды корукка алуу боюнча кат жолдонгон. Эгер кайрылуу колдоо тапса,  Сүрөт-Таш  кайтарууга алынат.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Нарын облустук  мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Сыргак Бактыяр уулу  даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.