Жайкы Олимпиада-2020 көрүүчүлөрсүз өтөт

Япониянын Токио шаарында өтүүчү Жайкы Олимпиада -2020 көрүүчүлөрдүн колдоосусуз, бош трибуналардын коштоосунда өтүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Eurosport сайты жазды.

Олимпиаданын көрүүчүсүз өтүшү коронавирустун тарап жаткандыгына байланыштуу экендигин уюштуруучулар комитети билдирген.

“Эгерде вирус Японияда дагы да күч алса, анда олимпиаданы башка өлкөдө өткөрүү планы каралат”,- деп жазылат маалыматта.

Уюштуруучу комитеттен кошумчалагандай, Токио шаары олимпиаданы өткөрүү үчүн 12 млрд доллар чыгымдаганын билдирген.

Акыркы алынган маалыматтарга караганда, коронавирус 947 япониялыкка жугуп, анын 12си көз жумган.

Diamond Princess лайнериндеги кыргыз жараны ооруканадан чыгарылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген