Жаңы окуу жылынан мугалимдердин саны кыскартылат

Кыргызстандагы мектептерде аз саат жүктөмү менен  иштеп жаткан мугалимдер кыскартылмай болду. Ал тууралуу министрликтин буйругу да чыкты. Эгерде мектеп жамааты кыскарса, аларга кайра башка жактан жумуш орду менен камсыздоо керек болот. Болбосо иштен алуу мыйзамсыз болуп саналат. Ал эми калган окутуучуларга саат бөлүштүрүүдө босого жүктөм киргизүү менен алардын айлык маянасы көбөйөрүн, ишке болгон кызыгуусу артарын адистер билдиришти.

2018-2019-окуу жылы башталаары менен аз саат өлчөмүндө иштеп жаткан мугалимдердин сааттары кыскартылат. Министр Гүлмира Кудайбердиеванын 2018-жылдын 5-январындагы буйругу,  жаңы окуу жылынан баштап мектеп мугалимдеринин бере турган минималдуу сааттарды чектеп, босого жүктөмдү киргизип жатат. Андагы маалыматка караганда сабактардын минималдуу сааты 12-15 саат болушу керек. Демек, учурда 6-8 саат менен иштеп жаткан мугалимдер эмки окуу жылында жумушсуз калышы толук ыктымал.

Буйрук күчүнө кирсе жумасына 4-6 саат менен иштегендердин сааттары бириктирилип, бир ставкага толукталып, мугалимге берилет. Натыйжада бир нече окутуучу ишинен кол жууп калганы турат. Адистердин айтымында, аз саат менен иштеген мугалимдер кыскартылып, калгандарынын маянасы жогорулайт деп кабарлашкан министрликтен.

Эскерте кетсек 2011-жылы өкмөт мугалимдердин айлык маянасын төлөөдө киргизген жаңы системасынын чийкилигинен ушул көйгөй жаралууда. Ал токтомдо мурдагыдай толук эмгек  тажрыйбасы же жарым тажрыйба  болуп акча төлөнбөй мугалим өткөн саатына карап маяна алат, бирок канча саат болушу керектиги көрсөтүлбөй калган. Анын негизинде мектеп директорлору иш сурап келген бардык мугалимдерди жумушка ала берген, жыйынтыгында аз саат менен иштегендер пайда болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген