Жаңы окуу жылы салтанаттуу “линейка” менен башталат

Билим берүү уюмдарында 15 -сентябрда окуу жылынын ачылышы салтанаттуу болуп өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, департамент бул маселе боюнча саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешкен.

«Алар каршы эмес, бирок салтанаттардын ачык абада өткөрүү керек. Эгер аба ырайы жол бербесе, анда графикке ылайык акт залдарында өткөрүлөт », – деди ал.

Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы адаттагыдай башталаарын кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.