Жаңы мыйзамдардын аткарылуусун ким көзөмөлдөйт? Видео

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда бир канча жаны мыйзамдар күчүнө кирип, иштей баштады. Учурда мыйзамдагы мындай өзгөрүүлөр коомдо кызуу талкууланууда. Айрымдар аны колдосо, кээлери жаңы эрежелерге макул эместигин ачык эле айтып чыгышты.

Жанырган жылдан тарта коомдук жайларда чылым чегип, түкүргөндөргө айып пул салына баштады.Мындан сырткары, жол коопсуздук эрежелерин бузган айдоочуларга салынуучу айып пулдун өлчөмдөрү да жогорулады.

“Өңүт” программасы жаңы мыйзамдардын аткарылуусу кандай болот жана ким көзөмөл кылаарын тиешелүү кызмат өкүлдөрү менене биргеликте талкуулады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген