Жаңы министрлер ант берди

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан тышкы иштер министрине дайындалган  Чыӊгыз Айдарбеков, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрине дайындалган Улукбек Кочкоров маданият, маалымат жана туризм министрине дайындалган Азамат Жаманкулов ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришишти.

Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан үч министрди ант берүү аземи менен куттуктап, алардын иштерине ийгиликтерди каалады.

Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине 17-октябрда  Эрлан Абдылдаевдин ордуна келген.

Ал эми Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп 25-октябрда дайындалган. Бул министрликти жетектеген Таалайкүл Исакунова кызматтык сапарларына байланыштуу чырдан кийин ишинен кеткен.

Азамат Жаманкулов болсо,  маданият, маалымат жана туризм министрилигине 8-октябрда 59 жашында каза болгон болуп Султан Жумагуловдун ордуна 26-октябрда дайындалган.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген