Жаңы курулган жолго 5 жыл кепилдик берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды

“Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Ага бүгүн, 12-январда президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жаңы өзгөртүүлөр автомобиль жолдорун курууда жана кайра калыбына келтирүүдө подрядчылардын жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле жолдордун сапатын жакшыртуу жана жолдорду өз учурунда  тейлөөнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Анда кепилдик мөөнөтүн узартуу механизми аркылуу жетүү сунушталат. Башкача айтканда, автомобиль жолунун участогун куруу, кайра калыбына келтирүү жана оңдоо  боюнча жумуштарды аткарган подрядчы  заказчыга  аткарылган иштеринин сапаты коюлган талаптарга жооп берээрине кепилдик берет. Подрядчынын айынан  кетирилген  дефектилер аныкталса, аны оңдоону кайра подрядчы өзү кепилдик кылат.

Жаңы курулган жолго 5 жыл кепилдик берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar