Жаңы өкмөт башчы кызматтык кортежден жана жан сакчылардан баш тартты

Жаңы премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев кортежден баш тартты. Эми өкмөт башчы келе жаткан учурда жолдор тосулуп, ыңгайсыздыктар жаралбайт. Буга бүгүн Абылгазиевдин жумушка таңкы саат 7:30да, эч кандай коштоочу унаалары жок эле келгени далил болду.

Министрдин аппаратынан билдиришкендей, Мухаммедкалый Абылгазиев 21-апрель күнү УКМКнын жаңы төрагасы өкмөттү Идрис Кадыркуловго коргоп, коштоп жүрүүчү жан сакчыларды алып салуу тапшырмасын берген.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков да жаңы кызматка киришээри менен жол тосуулардан баш тарткан. Өлкө башчы жумушка 8:30да келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген