Жүз кожолуктан ашпаган айылдарга санариптик сигналдар жеткирилбейт

Кожолук саны 100дөн ашпаган алыскы айылдарга санариптик сигналдарды жеткирүүчү жабдыктар орнотулбайт. Анткени аларга кеминде 10 миң доллар сарпталат да, баарын жабдууга өкмөттө каржы жетишсиз. Бул тууралуу “Транзит 106.1” уктуруусунда Радиорелейлик станциялар боюнча түштүк башкармалыгынын жетекчиси Абдыжапар Кумаров билдирди.

Бирок алар телеберүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбайт. Элдин саны аз калктуу конуштарга ошол эле телеканалдарды спутник аркылуу көрүү сунушталууда.

Кумаров “санарипсиз” кала турган айылдардын саны канча экенин тактай алган жок.

Азыр Жалал-Абад  облусу 95%, Ош облусу 78%, ал эми Баткен 96% санарипке өткөн.

Абдыжапар Кумаров кошумчалагандай, Кыргызстан санарипке толук өткөндө социалдык пакеттерди акысыз көрө алышат.

“Азырынча соцпакетте кирбеген телеканалдар качанга чейин акысыз көрсөтүлөрү белгисиз. Чет өлкө пакеттерин сатып алуу керектөөчүнүн каалоосуна ылайык болот. Ал эми Кыргызстан тарабынан берилүүчү соцпакетке кирген чет өлкөлүк каналдардын катарында Орусиянын “Первый канал”, “Рен ТВ” каналдары жана “Мир” бар,-деп билдирди А. Кумаров.

Кыргызстандан 15-майда санарипке толук өтүп, аналогдук сигналдар толук өчүрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.