Жөлөк пулдар канча пайызга көтөрүлөөрү тууралуу айтылды

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жөлөк пулдун көлөмүн көбөйткөн токтомдор тууралуу айтты. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгынын алкагында бир нече жарлыктар даярдалды. Тактап айтканда, “багуучусунан ажыраган балдарды кошумча социалдык колдоо чаралары жөнүндө” жарлык (2021 -жылдын 1 -октябрынан 50 пайызга чейин жогорулатуу) жана 2022 -жылдын 1 -январынан тартып – жөлөк пулдун учурдагы суммасынан 100 пайызга жогорулатуу жөнүндө жарлык.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, церебралдык шал оорусуна берилүүчү жөлөк пулдун 4 миң сому октябрдан тарта 6 миң сомго, 2022 -жылдын 1 -январынан баштап 8 миң сомго чейин жогорулайт.

ВИЧ / инфекция же СПИД менен ооругандар, ошондой эле ВИЧ / СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдар үчүн жөлөкпул 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин көтөрүлөт. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бала кезинен биринчи топтон үчүнчү топко чейинки жөлөкпулдар 8 миң сомго чейин өсөт.

“Андан ары багуучусунан айрылган учурда балдарга төлөнүүчү төлөмдөр 1 миң сомдон 1,5 миң сомго чейин көтөрүлөт, ал эми 2022 -жылдын 1 -январынан тарта биз 100 пайызга жогорулатабыз. Демек балдардын ар бирине 2 миң сомдон берилет. Ата-энесиз калган балдарга мамлекеттик социалдык пенсиялык камсыздандыруу боюнча 4000 сом берилет “, – деди Акылбек Жапаров.

Октябрь айынан баштап пенсионерлердин төлөмдөрүнүн базалык бөлүгүнүн өлчөмү өсөт. 2022 -жылдын 1 -апрелинен тарта социалдык сферада эмгектенген кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү убада кылынууда, ал эми 2022 -жылдын 1 -октябрынан тартып кызматкерлер – техникалык жана кенже тейлөө персоналынын эмгек акысы 50 пайызга көтөрүлөт. Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселеси иштеп чыгуу стадиясында турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.