Жөлөк боло албаган пул: мыйзам ким үчүн ыңгайлуу?

Жөлөк боло албаган пул:
мыйзам ким үчүн ыңгайлуу?
Балдарга жөлөкпул чегерүүнүн жаңы "эски" тартибин киргизген толуктоолор долбоору ушул тапта Жогорку Кеңеште каралып жатат . Өкмөт ар бир балага социалдык колдоо көрсөтүүдөн баш тартууда. Анткени артка сүрүлгөн мыйзам 30 миң баланы пособиесиз калтырат, - дешет өкмөт өкүлдөрү. Документке ылайык, мурдагыдай эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул берилет. Буга айрым эл өкүлдөрү каршы. Аракеттеги мыйзам өтө коррупциялашкан, чыныгы муктаж балдар көңүл сыртында калып жатат, - дешет алар.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол коюп кеткен "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзам 2018-жылдын 1-январынан күчүнө кирмек. Ага ылайык, төрөлгөн ар бир балага 4000 сомдон сүйүнчү жана 3 жашка чейин 700 сомдон жөлөкпул берилиши керек эле. Мындан сырткары үч жана андан көп балалуу үй-бүлөлөрдө үчүнчү жана андан кийинки балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон көмөк көрсөтүлмөк. Парламент өкмөттүн сунушу менен сүйүнчү пулду калтырып, бирок мыйзамдын жөлөкпул боюнча нормаларынын күчүнө кирүү мөөнөтүн 3 айга (1-апрелге) чейин жылдырып берди. Муну өкмөт азыр пособие алып жаткан үй-бүлөлөрдөгү (алдын ала эсептөөлөр боюнча) 30 миң бала жөлөк пул албай, аз камсыз болгондордун абалы оорлошуп кетет деп түшүндүрдү.

Жөлөкпул чегерүүнүн жаңы тартибин артка жылдырып турууну Жогорку Кеңеш 2017-жыл аяктап баратканда катуу талкууга алган. Депутаттардын басымдуусу өкмөттү чийки мыйзам, популисттик кадам үчүн айыптады. Эл өкүлдөрү аткаруу бийлиги "30 миң бала жөлөксүз калаарынан" эмес, каржы таба албай жатканынан улам ушул кадамга барды деп эсептейт.
Балдарга жөлөк пул чегерүү боюнча аракеттеги жана 2018-жылдын 1-январынан күчүнө кирип, бирок айрым жерлери артка жылдырылган "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамдын айырмасын көрүңүз. Материал жаңы мыйзамга кол коюлгандан кийин жасалган.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бөкөевдин пикиринде, ар бир балага жөлөкпул бергенге бюджетте акча болсо, өкмөт мыйзамды артка жылдыра туралы деп суранмак эмес.

"Каржы министри 1,7 млрд сом [артка жылдырылган мыйзамды ишке ашырууга] бар деп жатат. Эгер ал каражат болсо, өкмөт мыйзамды жылдыралы деп алып келмек эмес. Балээнин баары ошол каражатта! ... 2 млрд эмес, 7 млрд керек болот. Сүйүнчүгө эле 700 млн сом кетет, анткени жылына 155 миң бала төрөлөт. Үч жашка чейинки балдарга эле 3 млрд сом талап кылынат... Жөлөк пул жөлөк кыла турган үй-бүлөлөргө даректүү берилиши керек", - деген Бөкөев парламентте.
Кенжебек Бөкөев
ЖК депутаты, "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамына башынан каршы чыккан
Депутаттардын "Мамлекеттик жөлөкпул жөнүндө" мыйзам чийки болуп, Социалдык өнүктүрүү министрлиги жагдайды жетиштүү анализдей албай койду дегенинде жан бардай. Анткени ал мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкканда министрлик азыркы жөлөк пул алып жаткан 279 миң (2017-жылдын жай айындагы маалымат) баланын 7%ы же 20 миңдейи пособие алуучулардын катарынан чыгарын айткан. Азыр болсо 10%дан ашыгыраагы же 30 миң бала жөлөксүз калат деп жатат. А бирок статистика Ош облусу боюнча эле 50 миңдей бала мамлекеттик жөлөк пулдан ажырай турганын көрсөтүүдө.

810 сом - байлардын бир түшкү тамагы же бир мончого барышы. А биз үчүн бир айлык жашоо
Ош облусу боюнча жөлөк пулсуз калышы мүмкүн болгон 50 миңдей баланын катарында Кымбатбүбү эженин эки баласы да бар. Алты балалуу жубайлардын туруктуу кирешеси - мамлекеттен алган 4860 сом. Үй-бүлө башчысы сезондуу иш менен алек болгон үчүн күз-кышта тыйын табуу кыйындайт. Кымбатбүбү эже болсо балдарды карап үйдө. Жаңы мыйзам сунушталган күндөн бери ата-эне убайымга түшүп жүрөт. Анткени мыйзам боюнча балдарынын пособиеси эми 2 миң сом эле болуп калат -төрт баласына 500 сомдон.

"Азыркы 4860 сом да эч нерсеге жетпейт. Мурдагы эле мыйзамды калтырса дейбиз. Бирок өкмөт чындыкты көрсүн, үй-бүлөлөрдү текшерсин. Бай үй-бүлөлөргө пособие бергендин ордуна кедей жашагандардын тыйынын көбөйтсүн. Байлар үчүн 810 сом деген эмне акча? Бир отуруп түштөнүп же мончого барса, андан 2-3 эсе көп акча сарптап жатышпайбы", - дейт алты баланын энеси.
Аида Касымалиева

ЖК депутаты, "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамынын демилгечилеринин бири

Сүрөт: ЖК





Мыйзам демилгечилеринин бири Аида Касымалиеванын айтымында, жаңы мыйзам болжолдуу 30 миң баланы жөлөкпулдан ажыратса, аракеттеги мыйзам жакырчылыкта жашаган 400 миң баланы соцколдоо программасынан сырткары калтырууда.





"Реформа болгондо сөзсүз тизмеден түшүп калуу болот. Айрым балдар жөлөк пул албай кала турганын билгенбиз. Биздин эсепте азыркы тартип боюнча пособие ала албай жаткан 400 миң бала мамлекеттен колдоо ала баштамак. Айылдарга барсак, жакыр жашаган үй-бүлөлөр - жалгыз бой энелер жана ички мигранттар. Булардын адатта беш-алтыдан баласы бар. Бирок аларды соцөнүктүрүү башкармалыктары маалымат кат деп кыйнап жатпайбы. Ушундай тоскоолдуктан улам аялуу катмардагылар бүт эле көз жаздымда калууда", - дейт Касымалиева.

ЮНИСЕФтин изилдөөлөрү Аида Касымалиеванын сөзүн ырастайт. Уюм аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө өскөн балдардын көбү административдик жол-жоболордогу тоскоолдуктардан жана кемчиликтерден улам социалдык жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтат.
Ара жолдо калган ички мигранттар
Административдик тоскоолдуктарда улам жөлөкпулга жетпей жүргөндөрдүн бири - Гүлбаркан Апиева, жалгыз бой эне. Эки кызы менен Ош шаарындагы жатаканалардын биринде жашайт. Каттоосу айылда, өзү шаарда жүргөн үчүн бир жылдан бери жөлөкпул албай калды. Анын үстүнө Алай райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы күчүнө кире элек мыйзамга шылтап, документ кабыл алуудан баш тарткан.

"Үйүм жок, бир бөлмөдө ижарада турабыз. Күйөөм менен ажырашып кеткем. Айылда жашабай атасыңар, анан үчтөн көп баласы барларга гана пособие берилет деп документимди кабыл албай коюшту. Менде го эки бала, жатаканада беш-алтыдан баласы бар үй-бүлөлөр көп. Алардын баарына шаарда жашап атасыңар деген шылтоо менен пособие бербей жатышат. Айылга жол акы кетирип, документке чуркап, анан эч нерседен жок отуруп калабыз. Байлар алып эле жатат, чоңдор эмнеге ушуга көңүл бурбайт?" - деп суроо салат жалгыз бой эне.
Назгүл Ташпаева
социалдык коргоо боюнча эксперт

Сүрөт: knews.kg

Социалдык коргоо боюнча эксперт Назгүл Ташпаеванын айтымында, Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн 212 миңге жетет. Анын 697 миңи жакыр, 22 миңи өтө жакыр жашашат. Азыр кедей жашаган үй-бүлөлөрдөн 585 миң бала (83,8%) жөлөкпул албайт. А өтө жакыр үй-бүлөлөрдөн 16 миң бала (71,8%) жөлөкпул албайт!

"Анда пособиени ким алып жатат? Салыштырмалуу бай адамдар, балким, өтө байлар. Алар айыл өкмөттө, акимчиликте, социалык өнүктүрүү башкармалыктарында таанышы барлар. Улуттук статистикалык комитет жакыр үй-бүлөлөр - үч же андан көп баласы барлар деп жатат. А бизде беш-алты балалуулар пособие ала албай жатпайбы", - дейт эксперт.

Назгүл Ташпаева жөнөкөй мисал менен азыркы жөлөкпул чыгаруу тартиби кандай иштеп жатканын түшүндүрүп берди.

"Мисалы, Айгүлдүн беш баласы бар, күйөөсү таштап кеткен. Келин апасы менен чогуу жашайт. Айгүл - жаш мугалим, 5 миң сом айлык алат, апасы - пенсионер, 4000 сом алат. Алардын жалпы кирешеси - 9 миң сом. Бул акчаны үй-бүлөдөгү жети жанга бөлсөк, 1285 сомдон туура келет. Демек, бул "бай" үй-бүлө, анткени бир жанга кирешеси 900 сомдон (кепилденген минималдык кирешеден) көп болуп жатат. 9 миң сомго беш баланы багып көргүлөчү! Экинчиден, 4 миң сом пенсияны улгайган адам бакубат карылык үчүн өзү мээнет кылып тапкан. Бирок мамлекет: "Сен эс албай эле кой, дарыланба. Сен балдарды бакканга мамлекетке жардам беришиң керек" деп жатат. Бул адилетсиздик!" - дейт Назгүл Ташпаева.

Жөлөкпул алуучулардын тизмеси жаңы мыйзамда кандай өзгөрөрүн так анализдей албаган Социалдык өнүгүү министрлигинин позициясы да туруктуу эмес
Сүрөт: ЮНИСЕФ
Социалдык өнүгүү министрлигинин акыркы сунушу - сүйүнчү пул калат, ар бир балага 3 жашка чейин жөлөк пул берилбейт, 16 жашка чейин муктаж гана балдарга пособие чыгат. Мурда үй-бүлө кирешеси ар бир жанга 900 сомдон аз туура келсе, муктаж деп эсептелчү. Азыр минималдык кепилденген киреше мыйзамдан алынып салынды. Эми муктаждык деңгээли айыл өкмөттөрдүн субъективдүү чечими менен аныкталмай болду.

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору 1-февралда коомдук талкууга чыккан. Социалдык өнүгүү министрлиги муну өкмөттүн сайтына чыгарып эле койгону болбосо, долбоор кеңири аянтчаларда талкууланбады. Өзгөртүү тууралуу коомчулук документ Жогорку Кеңештин кароосуна келгенде гана билди. Тиешелүү процедуралардан өтпөгөнүн, долбоордо мекемелер аралык жумушчу топтун сунуштары эске алынбай калганын эл өкүлдөрү сынга алды.
Кенжебек Бөкөев
ЖК депутаты
"Бул мыйзам долбоорун киргизерден алдында. бир ай ичинде жети облусту кыдырып коомдук угуу өткөрүп чыксын. Анткени мурункусунда мыйзамды шашып киргизип алып, Нарында, дагы башка жактарда нааразылык болуп, кайра өзгөрткөнгө туура келди".
Карамат Орозова
ЖК депутаты
"Жөлөкпул чектөө жаатында коррупция күч алган. Ал такай эле жардамга муктаж адамдарга бериле бербейт. Ушул кезге чейин социалдык колдоого муктаж жарандардын так саны жок, өкмөт өкүлдөрү жылдык минималдуу киреше чеги боюнча да ар башка маалымат берүүдө".
Аида Касымалиева
ЖК депутаты
Жумушчу топко демилгечилердин бири катары мен да киргем. Ал жерде бала үч жашка чейин жөлөкпул алышын 1,5 жашка чейин кыскартканбыз, 1,5 жаштан 16 жашка чейинкилерге "даректүүлүгү такталсын" деген жобону киргизүүгө жумушчу топ макулдук берген. Анан эле өкмөт таптакыр башка долбоорду алып келди. Ал жумушчу топ даярдаган долбоор эмес! (Мындай пикирин депутат "Азаттык" радиосуна билдирген)
Сүрөттөр: ЖК
Мыйзам долбоору менен парламентти социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова тааныштырды. "Мамлекеттик жөлөкпулдар тууралуу" мыйзам кабыл алынып жатканда ал жаңы мыйзам коррупциялык механизмдерди жоет деген позицияны карманган.

Депутат Аида Касымалиева министрге ошондогу айткандарын эске салып, тогуз айда Исакунова пикирин 180 градуска өзгөрткөнүн белгиледи. Эмне үчүн кайрадан эски 2009-жылдагы мыйзамга кайтып жатабыз деген суроого так жооп бере албаган министр акыры каражат жетишсиз деген жообун берди. Эске салсак, Каржы министрлиги жаңы мыйзам кабыл алынып жатканда да, документтин күчүнө кирүү мөөнөтү артка жылдырылганда да акча жетиштүү деп билдирген.
Жөлөкпул чыгаруу боюнча үч мыйзамды салыштыралы
2009-жыл

- бала төрөлгөндө 2700 сом сүйүнчү пул;
-эгер үй-бүлөнүн кирешеси бир жанга 900 сомдон аз туура келсе, балдарга 16 жашка чейин жөлөк пул берилет.

2017-жыл
-ар бир төрөлгөн балага 4000 сомдон сүйүнчү;
- ар бир балага үч жашка чейин 700 сомдон жөлөкпул;
- үч жана андан көп балалуу үй бүлөлөрдө үчүнчү жана андан кийинки балдарга 16 жашка чейин айына 500 сомдон жөлөк пул


2018-жыл
- ар бир төрөлгөн балага 4000 сомдон сүйүнчү пул;
- муктаж үй-бүлөлөрдөгү балдарга 16 жашка чейин жөлөкпул
(муктаждыкты мурдагыдай кепилденген минималдык киреш - 900 сом менен аныкташпайт, ким жөлөк пулга муктаж экенин айыл өкмөттөрү чечет)
Жөлөкпул чыгаруу тартибин жөндөгөн аракеттеги, экс-президент Алмазбек Атамбаев кол коюп, артка сүрүлгөн жана азыр Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзамдардын ар бири жакырчылыкта жашаган 700 миңден ашык баланын кызыкчылыктарын, муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн толук эске албайт.

Кемчиликтерди, документтер өтө шашылыш жана терең анализденбей кабыл алынганын өкмөт да, парламент да моюндайт. Бирок акыркы аракет да ошол "шашылыш" жолдо эле бара жатат.

Жогорку Кеңештин өзүндөгү карама-каршы пикирлер, коомчулуктагы талкуу жана эң негизгиси абалды эч кандай кызыкчылыксыз көрсөтүп бере алчу статистикага карабай, парламент 29-мартта акыркы сунушталып жаткан долбоорду экинчи окууда караганга үлгүрдү. Ал тургай дароо эки окуудан эле кабыл алып салуу чакырыктары ташталды.


Материалды даярдагандар
Ныяз Ташматов
Мырзайым Жаныбек кызы
Анастасия Валеева

Бул материал ЮСАИДдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды.

Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Материалды даярдоодо ачык булактардан - мамлекеттик органдардын расмий сайттарынан, ЮНИСЕФтен маалыматтар колдонулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген