Өзгөндө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, өздүгү такталбай жатат

Кече 1-октябрда кечки саат 22:00 чамасында Ош-Бишкек жолунун 632 чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз унаа жолдон өтүп бара жаткан 40-45 жаштардагы аял кишини сүзүп кеткен. Алган жараатынан улам, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болуп, айдоочу из жашырган. Бул тууралуу “Ынтымакка”  Ош ОИИБ ЖКККнын маалымат катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Окуядан соң, Өзгөн РИИБнын кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1971-жылы туулган М.Н атту жаран кармалган.

Учурда айдоочунун баш коргоо чарасы каралып, автоунаасы убактылуу токтотулуучу жайга киргизилген.

Ал эми жол кырсыгы жана каза болгон жарандын өздүгүн тактоо үчүн соттук- медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Ош ОИИБ ЖКККнын маалымат кызматы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген