Өзгөндө жер титирөө катталды

16-январь күнү саат 06:29 Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул туралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Өзгөн районунун Чимбай, Кароол жана Мырза-Арык айылдарында  3 баллга, ал эми Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.