Өзгөндө жардамга келген ун 200 сомдон сатылып жатат деген маалымат жалган

Өзгөндө мамлекеттен жардамга келген ундун мүшөгү 200 сомдон сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган айылдын жашоочусу ИИМге берген сурак учурунда билдирди.

Өзгөн районунун Шералы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери гуманитардык жардамга келген унду сатып жатат деген маалыматты жашоочулар билдиргенин айрым маалымат булактары жазган. Мындан улам, аталган маалымат ИИМ тарабынан териштирилип, натыйжада таркатылган маалыматтын жалган экендиги аныкталды.

Аталган билдирүүнү коомчулукка тараткан жаран ИИМде сурак берип, ал тараткан маалыматтын төгүн экендигин мойнуна алган.

“Мен Халикова Токтокан, Өзгөн районунун Куршаб айылында жашайм. Эки күн мурда Кароол айылына жардамга келген ундун мүшөгү 200 сомдон таратылып жатат деп жалган маалымат бергем. Бул үчүн кыргыз элимден кечирим сурайм”,-деди Халикова.

27-марттагы өкмөттүн чечими менен  мамлекеттен Ош облусуна гуманитардык жардам катары материалдык резервдер фондунан 1325 тонна ун бекер бөлүнгөн.

“Бекер таратылган унду эч ким сата албайт. Жүк Ошко вагонго түшкөндөн кийин жер-жерлерге жүктөп барып элге таратылышы керек. Ал үчүн жолгиреге, жүктү жүктөгөн жумушчуларга кеткен чыгымды жергиликтүү бийлик камсыздап жатат. Андыктан, жогорудагыдай маалымат чындыкка таптакыр дал келбейт”,-деп билдирди өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Асрандиев: ачык айтыш керек, толугу менен салыктан бошото албайбыз

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген