Өзгөндө ундун баасы боюнча жалган маалымат тараткан адам аныкталды. Видео 

Өзгөн шаарында социалдык тармактарда ундун баасы 2500-3000 сомго көтөрүлдү деп жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ундун баасы 1300-1400 сомдон ашкан жок.

Ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде жалган маалымат тараткан 25 жаштагы жаран кармалып, анын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн экспертиза дайындалды.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын биридиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Бааларды себепсиз көтөргөн ишкерлердин иши териштириле башталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген