Өзгөндө окуучу мектептин 2-кабатындагы терезеден секирди

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 10-класстын окуучусу мектептин 2-кабатынын терезесинен секирип жиберди. Милиция сотко чейинки текшерүүнү баштады, деп билдиришти Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, нөөмөт бөлүмүнө 17-май күнү саат 11:40 чамасында Мырза-Аке айылдык ооруканасына 16 жаштагы тургун медициналык жардам сурап кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Материалдар окуялар китебине катталган.

“Ыкчам-иликтөө тобу таңкы саат 8 чамасында No3 М.Нурбаев атындагы орто мектебинде жашы жете элек Ж.Б. белгисиз себептерден улам 2-кабаттан секирген. Алган жаракаттары менен ал ооруканага жеткирилген. Окуянын күбөлөрү 10 “А” классынын окуучусу Б.Ж. терезенин жанында туруп, андан кийин секирип кеткенин айтышат. Аны мектептин имаратына алып киришип, мындай аракетке эмне себеп болгонун билүүгө аракет кылышкан. Өспүрүм ушундай жол менен өзүн сынап көрүүнү чечкенин айтты”,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренеси (“Суицидге баруу”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.