Өзгөндө наристесин 5000 долларга сатмакчы болгон жарандар кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда өзүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайын 5000 долларга сатууга аракет кылган эне жана ага жардамшкан аял кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-январь күнү ыкчам маалыматтардын негизинде Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө азиат улутундагы аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын 5000 долларга сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн

Аталган келин Өзгөндөгү төрөт үйүндө 17-январда айына жетпей көз жарып, тууганы экөө балага кардар издешкен. 21-январь күнү ымыркайды 5000 долларга соодалашып сатып жаткан учурда наристенин 23 жаштагы энеси жана сатууга жардамдашкан 45 жаштагы аял кармалган.

Сот чечими менен ортомчу аял 2 айга убактылуу кармоо жайына киргизилип, баланын энеси үй камагына чыгарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген