Өзгөндө милиция кызматкерлери соодагердин 150 миңдик товарын таштандыга ыргытканбы? Видео

Өзгөн шаарынан базарында, жолго чыгып соода кылгандарга карата рейд башталды. Максаты мыйзамсыз коюлган соода күркөлөрүн алып, базарды иретке келтирүү болгон. Бирок рейддин жүрушүндө, соодагерлер менен милиция ортосунда чыр чыгууда.

Нааразы болгондордун бири Бабуржан Кадырбеков. Буга чейин эл катары жолдо соода кылып келген. Анын айтымында  7-декабрь күнү милиция кызматкерлери күч колдонуп 150 миң сомдук товарын таштанды ташуучу унаага салып кетишкен. Аны менен катар чөнтөк телефонун тартып алышкан.

“Тротуарда уюлдук телефондун симкарталарын саткан столум бар эле. Аны ал дегенинен мен анын мыйзамдуулугун айтып албадым. Милициялар күч колдонуп менин ары жакта турган товарымын столун чагып, баарын таштанды ташуучу тракторго ыргытып жиберишти. Алардын кыймыл-аракетин тартып атканымда телефонуму да тартып алышты. Жакалап муунтуп, ур-токмокко алышты”-дейт Өзгөн районун тургуну Бабуржан Кадырбеков.

Нааразы болгон тараптын айтымында милиция кызматкерлери эскертүүсүз ушундай кадамдарга барган. Ал эми тартип сакчылары мындай дооматты чекте какты. Уруксаты жок, жол боюндагы соода кылгандар  менен күрөшүү  мыйзамдын негизинде гана жүрүп жатканын айтышат.

Өзгөн шаарындагы мыйзамсыз жол тоскон соода түйүндөрүн тазалоо иштери бир нече күндөн бери улантылып келет. Ал шаар мэринин атайын протоколдук тапшырмасынын негизинде жүрүп жатат. Адистердин айтымында жолдо соода кылгандардын столдору гана алынып, атайын сактоочу жайга жеткирилген. Жөө адамдар өтүүчү жолду тазалоо рейди дагы да улана берет.

Жабыр тарттым деген соодагер  тартип сакчыларынын үстүнөн  Өзгөн райондук прокуратурасына доо арызы менен кайрылган. Бул иш боюнча  прокуратура кызматкерлери териштирүу жүрүп жатканын билдирди

Ал эми учурда жолдо соода кылгандар дагы деле азайган эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген