Өзгөндө көчкүдөн жабыркагандарга жер бериле баштады

Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркаган Жалпак-Таш, Зергер, Ийри-Суу айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу-Сай, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына жер бөлүп берүү башталды. Аларга Жаман-Адыр участогунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынан 582, ал эми Кароол айыл аймагына караштуу жагынан 237 участок берилет.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиргендей, жабыркагандар үчүн Жаман-Адыр участогунан 250 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча, ФАП жана мечит сыяктуу курулуштар да салынат.

Учурда турак-жайларын жер көчкү басып калган Курбу-Таш айыл аймагындагы 67 үй-бүлө чатырларда жашап жатат. Ар бирине 8 сотыхтан жер аянты бөлүнүп берилген. Электр энергиясын тартуу иштери жүргүзүлүп, электр мамылар орнотулган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.