Өзгөндөгү кампадан чыккан өрттөн 20 муздаткыч күйүп кетти

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү  үй тиричилик техникалар сатылган дүкөндүн  кампасынан  өрт чыкты. Тилсиз жоодон 20  муздаткыч жана кир жуугуч машиналары күйгөн. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, өрт 23-сентябрда 11:50 чамасында чыгып,  саат 14:00до толук өчүрүлгөн.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери жана канча чыгым келтирилгени аныктала элек.

Азыркы тапта өрт кырсыгынын себептери жана келтирилген материалдык зыян такталып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген