Өзгөндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү окуучулар Ысык-Көлдө эс алышат

Жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырып, алдыңкы жогорку баллдарга ээ болгон мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн  бешөөсүнө Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ар бирине 20 миң сомдон, жалпысынан 100 миң сом байге катары белгиленген. Бул тууралуу Өзгөн администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуу процессинде ийгиликтерди көрсөткөн окуучуларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү окуучу балдарды колдоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Ысык-Көл облусуна жайкы эс алууга жолдомолорду алып беришет.


Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.