Өзгөндө 200 орунду мечит пайдаланууга берилди

Өзгөн районунун Бабыр айылындагы 200 орундуу “Бабыр” мечити кайрадан жаңыланып, пайдаланууга берилди. Оңдоп-түзөө иштерине Кызыл жарым ай коому жана жергиликтүү демөөрчүлөр колдоо көрсөтүштү.

16-июнда, мечиттин азылуу аземи өткөрүлдү. Ага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана бир катар дин өкүлдөрү катышышты.

“Мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып, жалпы келген коноктор айыл тургундарын мечиттин заманбап болуп бүткөрүлүшү менен куттукташты. Ал эми облус казысы Самидин кары Атабаев “Орозо айынын өзгөчөлүгү жана кайрымдуулук” темасында баян жасап, орозо айында сооптуу амалдарды көбүрөөк жасоого үндөдү. Ошондой  эле мечит имамына казыяттын атынан диний китептерди белекке берди”,-деди муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Нургазы Каримов.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz