Өзгөндө 150дөй үй-бүлө чатырларга көчүрүлөт

Өзгөндүн Зергер айылында кооптуу аймактагы 150гө жакын үй-бүлө чатырларга көчүрүлөт. Алар күндүзү короо-сарайында тиричилигин өткөрүп, түндөсү коопсуз жердеги чатырларда түнөшөт. 

Бакыт Акматов Зергердин  Ничке-Сай айылында жашайт.  Анын үйү турган жер кооптуу деп табылган. Азыр болсо алар үчүн чатырлар тигилгенин угуп, буюмдарын камдам жатат.  Жаан басылса эле, бир нече чакырым алыстыктагы жердеги чатырга үй-бүлөсүн алып барып жайгаштырат.

“Күндүзү мал карап, кечинде барып жатып турабыз. Ынтымак айылынан чек алганбыз. Эми мына күн жылыса, көчүп кетебиз”, -дейт Бакыт Акматов.

ӨКМ Ничке-Сай айылындагы 179 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча тыянак чыгарган. Алардын 120дан ашууну коңшу айылдардан чек  алып, үй куруп, көчүп чыгышкан. Бирок 1997-жылдан бери жер тилке менен мамлекеттен ссуда алса да, конушун таштап кетүүдөн баш тартып жаткандар бар.

Ничке-Сайда жашоого мүмкүн эмес деп табылган жалпы 50 үй бар. Аларды кошпогондо Зергер айыл өкмөтүндө 100дөн ашык кожолук көчүрүлүүгө тийиш. Учурда жергиликтүү бийлик менен ӨКМ адистери биргеликте 150 чатыр тикти.  Бул жаз мезгилиндеги жер көчкү коркунучун алдын алуу үчүн уюштурулуп жатат.  Жакынкы күндөрү электр жарыгы тартылып, жарандардын  коопсуз жашоосу үчүн шарттар түзүлөт.

Учурда Өзгөн районунда кооптуу аймакта жашаган 1700 үй-бүлө бар. Былтыркы изилдөөлөр менен алардын саны дагы 600гө көбөйгөн. Мындан улам облус башчысы аталган аймактын эли жана тиешелүү адистер менен жолугуп, коопсуз аймакка көчүрүү боюнча жыйын курду.  Былтыркы жылы чек үчүн Өзгөн районунан 200 гектардан ашуун жер трансформация болгон. Учурда дагы коптуу аймактагыларды көчүрүү боюнча жер бөлүштүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген