Өзгөн: жер көчкү алдында калган үйлөрдүн саны 50дөн ашты

Райондун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш жана Маркс айылдарында жер көчкүнүн алдында калган үйлөрдүн саны 56га жетти. Кырсыктан бир ФАП, мечит жана электр мамычалары жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аймакта жер көчкү апрель айынын аягынан бери тынымсыз катталууда. Акыркы жолу 13-майда жер көчкү жүрүп, 50дөн ашуун турак жайды басып калды. Кырсыктан жабыркагандар жок. Тургундар апрелдин соңунда коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Социалдык обьектилердин курулуш материалдарын чыгарып кетишкен. Жер көчкү айыл аймактын көзөмөлүндө. Тактоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген