Өзгөн: жаздын келиши менен пакровкалыктар суусуз калды

Райондун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү Пакровка айылында жаздын келиши менен таза суу токтотулду. Жергиликтүүлөр таза сууну бир чакырымдан алыс жерден ташып ичүүгө аргасыз. Бул тууралуу “Элдик кабарга” Покровканын Асылгүл аттуу тургуну билдирди.

Анын айтымында жылдын жаз, күз айларында айылга таза суу берүү токтотулат. Бул маалда суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрөт.

“Оңдолушу керек, ага каршы эмеспиз, бирок жумуштар 20 күн, кээде бир айга созулуп кетет. Баклим, сапаттуу оңдошсо, ремонт иштери узакка созулбаса керек эле. Ушул маселени бийликтегилерден көзөмөл кылып коюшун суранабыз”, – дейт окурман.

Үч жүздөй адам жашаган Пакровка айылында таза суу менен кошо эле каналдагы суу да токтойт. Бул көрүнүш кыштактагылардын тиричилигин ого бетер кыйындатат.

Иллюстративдик сүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген