Өзгөн шаарына асма көпүрө курулат

Курулуш Өзгөн шаарынын борбордук базарынын жанына салынат. Көпүрөгө кошумча эки аялдама да курулмакчы. Өтмөктү салууга жакынкы аралыкта тендер жарыяланат. Баасы 4 млн сомго бекитилди.

Өзгөн шаарынын вице-мэри Рахман Атаджановдун айтымында, көпүрөнү куруу зарылчылыгы калктын муктаждыгынан жана жол тыгынын азайтуудан келип чыгууда. Инженердик техникалык шарттар түзүлүп, долбоор даярдалып жатат.

Көпүрөнүн долбоорун жергиликтүү бийлик сунуштаган. Депутаттар аны колдоого алышты. Учурда бардык документтери да даяр болду. Тендердин жыйынтыгы чыккан соң, өтмөктүн курулушу башталат”,-деди  Атаджанов.

Ал кошумчалагандай, асма көпүрө маселени гана чечпестен шаарга да көрк берет. Аны 2017-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалган.

Өзгөн шаарында 57 миң адам жашайт.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген