Өзгөн районунда 16 чөө атылды. Видео

Ош облусунун Өзгөн районунда бир күндө 16 чөө атылды. Бул тууралуу “Ынтымакка”Ош-Баткен аңчылар коомунун коомдук инспектору Улукбек Сейдалиев билдирди.

Жырткычтарды жок кылуу максатында жүрүп жаткан рейд облустук бардык райондорунда улантылат.

Анын айтымында, иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп барган.

«Жырткычтар акыркы убакта айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга зыянын тийгизип жаткандыктан атайын рейд уюштурулду. Ага 20дан ашык мергенчи катышып, жалпы 16 чөө атылды», – деди ал.

Маалыматка ылайык,карышкырларды жана чөөлөрдү аткандарга сый акы белгиленген. Карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн — 6000 сом, бөлтүрүгү үчүн— 1500 сом, чөө үчүн — 2000 сом төлөнөт.

Эске салсак, жырткычтарды жок кылуу иш чарасы өкмөттүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 89 «Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө» токтому негизинде өткөрүлүп жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген