Өзгөн музей комплексин ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү жолу кандай?

Өзгөн шаарындагы 11-12-кылымдардагы Караханит дооруна таандык делген Өзгөн тарыхый-архитектуралык музей комплекси ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизүү аракети мурда эле болгон. Кыргызстан Оштогу Сулайман-Тоону сунуштаган убакта, тизмеде андан башка Өзгөн музей комплекси жана Ысык-Көл да бар болчу. Бирок Сулайман-Тоодон башкасы кирбей калган.

Булар тууралуу айткан Сулайман-Тоо улуттук тарыхий-археологиялык музей комплексинин башчысынын орун басары Хайрулла Ибайдуллаев, ЮНЕСКОго тапшыраар алдында, Өзгөн музей комплексинин алар талап кылган документ иштерин ирээтке келтирүү ишин аткарыш керек дейт.

“ЮНЕСКО саясатын өзгөрткөн. Азыр алар бир канча мамекет биригип, орток маданияттан турган эстеликтердин тизмелерин кабыл алат. Ошого байланыштуу Өзгөндөгү комплекс Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдын орток маданияты катары бир канча эстеликтердин тизмесинин катарында сунушталат. Анан алар “Фергана-Сыр-Дарыя каридоруна” биригип, ошонун алкагында берилет. Мунун ичинде ошол 4 мамлкеттин маданий мурастарынын тизмелери да болот. Бирок тизмени жөнөтүү мөөнөтү анык эмес”,-деди Х.Ибайдуллаев.

Ал кошумчалагандай, Өзгөндөгү музей комплексти баалуу мурастар тизмесине киргизиш үчүн ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык келтире турган иштер көп.

Өзгөн архитектуралык музей комплекси бир мунара, үч мавзолейден турат. Өзгөн шаарында, Кара-Дарыянын жайылмасынан бийигирээк тектирчеден орун алган. Бул архитектуралык комплекс өзүнө көптөгөн окумуштуулардын көңүлүн буруп келет. Архитектуралык комплекс хронологиялык жактан анча алыс эмес аралыкта курулуп (XI-XII), Карахандар доорунун архитектуралык өнүгүүсүн ачык айкын көрсөтүп турат. Эки мавзолейдин тургузулган убактысы белгилүү, башкача айтканда, Түндүк мавзолей 1152-жылы курулса, түштүк мавзолей 1187-жылы курулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.