Өзгөн: кырсыктан жакындарын жоготкондорго медициналык жардам көрсөтүү уланууда

Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн жакындарын жоготкондорго медициналык жардам көрсөтүү уланып жатат. Дарыгерлер тобу ар күнү тургундарды текшерип жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” дарыгер Таалайбек Сулайманов билдирди.

“Кырсыктан жабыркагандардын жакындары дагы деле өзүнө келе элек. Биз тынымсыз кан басымын өлчөп жатабыз. Абалы оор болуп бара жатса ооруканага жиберебиз”,-деди Сулайманов.

2-майда 30га жакын адам медициналык көзөмөлдөн өттү. Алар стресске кабылып, кан басымы жогорулап кеткендер. Арасынан үчөө райондук ооруканага жиберилди. Кырсыктан жакындарын жоготуп, ооруканага жалпы 8 адам түшкөн.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar