Өзгөн: көчкү баскан жерди көрүстөнгө айлантуу чечиле элек

Өзгөндөгү 24 адамды басып калган жерди көрүстөнгө айлантуу боюнча маселе чечиле элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, азырынча издөө иштерин токтотуу боюнча тапшырма келип түшкөн жок. 400 кишиден турган куткаруучулар казуу иштерин улантып жатышат.

Буга чейин кырсыкта каза болгондордун жакындары менен сүйлөшүп, издөө иштерин биротоло токтотуп, көчкү түшкөн жерди көрүстөн катары калтыруу сунуштары айтылган болчу. Ошондон көп өтпөй эле эки кыздын жансыз денеси табылган. Калгандарынын сөөгүн издөө уланууда.

Эскерте кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 200 миң метр куб болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды 24 жашоочусу менен басып калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.