Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусия менен Кытайдан жаңы шаймандарды сатып алат

Орусия менен Кыргызстандын ортосунда, өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн атайын техникаларды сатып алуу жана жеткирүү боюнча 20 миллион долларлык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу згөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Келишимге ылайык, 100дөн ашык өрткө каршы шаймандарды, эки тик учакты жана башка шаймандарды сатып алуу пландаштырылууда. Каражат толугу менен гранттардан », – деди министр.

Анын айтымында, Кытайдан ушул жылдын аягына чейин алты көчмө оорукана жана 100гө жакын өрткө каршы шаймандар алынып келиниши керек болчу. Бирок, процесс COVID-19дан улам кийинкиге калтырылган. 2022-жылдын аягына чейин жабдуу республикага жеткирилет деп пландалууда.

Ошондой эле, ал белгилегендей, июль айынын башында 60 бирдик өрткө каршы шаймандарды сатып алуу пландаштырылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.