Өзгөчө эне: болгон дүйнөмдүн баары ушул кичинекей денеге батырылган

“Ынтымак” ааламдын ар кайсы бурчунда өмүр сүргөн: сейрек кездешкен оору менен жабыркап, бирок ага моюн сунбаган, жашоону сүйгөн адамдардын тагдырларын кыргызчалап, назарыңыздарга сунуштайт. 

Жереми менен Кристиандын бир кызы бар. Кичинекей адам үчүн биринчи жолу эне болуу чоң күрөшкө чыккандай эле түйшүк жараткан. Кызынын такма жалаягын алмаштыруунун өзү эле Кристиан үчүн чоң көйгөй болду.

“Мен өзгөчө адаммын. Менин болгон дүйнөмдүн баары ушул кичинекей денеге батырылган. Сөөктөрүм өспөйт экендигин, өмүр бою кичинекей денеде жашап калаарымды алгач билгенимде аябай ыйлагам”,- дейт Кристиан.

Жереми менен Кристиандын үйүндөгү бардык буюмдар Кристианга ыңгайлуу болгондой, кичинекей көлөмдө жайгаштырылган.

Кристиан ушунчалык кичине болгондуктан, өз алдынча узакка баса албайт. Андыктан, аны жолдошу көтөрүп барып унаага салат. Ал эми магазинге барганда, кадимки жаш балдарды олтургузган коляскага олтуруп алат.

“Эл көп жерге барсам мени көргөндөр таң калат, анткени мен кичинекей аялмын да. А жанымдагы кичинекей кызымды көрүшкөндө көздөрү тим эле чанагынан чыгып кете жаздайт”, дейт кичинекей эне.

Үй-бүлөсүндө Кристиандын жолдошу аябай чоң роль ойнойт, үй жумуштарынын баары анын мойнунда. Ал гана эмес тамак-аш, кийим-кече сатып алуу дагы жолдошу Жереминин иши.

“Жолдошум мен кандай болсом, ошондой кабыл алат, ошондой сүйөт. Ал мени бардык учурда колдоп келет. Жолдошумду аябай сүйөм, келечекте көп балалуу болуу кыялыбыз бар.

Кош бойлуу кезде аялдардын баары бактылуу болот, сүйүнөт. Мен дагы аябай кубандым, бирок менин дене өлчөмүм менен ичиме бала көтөрүү өтө эле оор болду”, дейт Кристиан.

Ал кош бойлуу болуп, ичиндеги түйүлдүк улам чоңойгон сайын дарыгерлердин тынчы кете баштаган.

“Кристиандын бою өтө эле кичине болгондуктан, биз аябай корктук. Анткени ичиндеги бала чоңойгон сайын Кристиандын ички органдарына доо кетиши мүмкүн эле. Түйүлдүктүн көлөмү өсүп, эненин жүрөгүн жабыркатып, акыры өлүп калышы да мүмкүн болчу. Бирок керемет болуп, Кристиандын кош бойлуулугуна 30 жума болгондо аны аман-эсен төрөтүп алдык”,- деген дарыгер.

Өзгөчө үй-бүлө тууралуу тасманы көргөн дүйнө элинин дээрлик бардыгы Кристиандын жолдошуна ыраазычылыктарын айтышып, аларга бакыт каалагандар болушту.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген