Өзгөчө балдар да эс алгысы келет. Бирок…

Костанай облусунда өзгөчө муктаждыктагы 20 миңден ашык бала бар. Майыптар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча ар кандай мамлекеттик программалар болгонуна карабай,  мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана алардын ата-энелери күн сайын көйгөйлөргө бет келет. Алардын көбүн өз алдынча чечүүгө чамалары чектелүү. Чындап келгенде бул балдар коом үчүн көмүскөдө кала берүүдө. 

Мындайлардын бири –  шал оорусу менен төрөлгөн Оля. Башында ал таптакыр кыймылдачу эмес, бир ай бою асма үкөл алып жаткан. Дарыгерлер болсо кыздын саламаттыгы боюнча жакшы сөз айта алган эмес. Азыр Оля 14 жашта. Ал арабада отуруп, ары-бери жыла алат, мектепте окуйт, ар кандай ийримдерге катышат, ал тургай бир за баса да алат. Кыздын ийгилигинин көбү апасынын аракети менен жаралды. Эгер аял дарыгерлерди угуп, күрөшүүнү токтотуп койсо, азыркыдай жыйынтыкка жете алмак эмес. Анткен менен көйгөйлөр күн санап көбөйүүдө.

Матвей  болсо 12 жашта. Ал Даун синдрому менен төрөлгөн. Дартына карабай, аябай шайыр, тапкыч бала. Ал камераны өзү кармап, апасын видеого тартты. Келишим ушундай эле – алгач биз аны тартабыз, кийин ал өзүн телеоператор катары сынап көрмөк. Матвейдин апасы Светлана баласынын толук кандуу өсүүсү үчүн табиятта эс алуу зарыл деп эсептейт.

Костанайда жетим балдарга эс алуу жайлары жана дени сак жеткинчектер үчүн да коммерциялык лагерлер жыл сайын уюштурулат. Бирок майып балдарды унутуп калышкан, алар эч жакка чыга алышпайт. Бир жылда облустук бюджеттен балдардын эс алуусуна болжол менен 200 млн  тенге бөлүнсө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге орточо миллион тенге ажыратылат. Бул сумма өтө аз.

Өзгөчө балдардын ата-энелери дарыгерлердин мамилесине эмнеге нааразы? Бул темага токтолууга  эмнеге батына алышпайт?

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz