Зере Асылбек кызы: Кыздардын эркиндигин чектөөгө эч кимдин укугу жок

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда дагы бир Зере деген ат менен кыргыз кызы ырдап чыкты. Анын алгачкы клиби шоу бизнес чөйрөсүнө “жат” көрүнүш катары сыпатталып, көрүүчүлөрдүн катуу сынына кабылды.

Негизинен ырчы башка адамдардын жашоосуна кийлигишпөөгө үндөп, «Неге болом сен айткандай, же көпчүлүк каалагандай?» деп суроо салган.

“Кыз” аттуу ырдын аткаруучусу Зере алгачкы ирет  “Ынтымакка” өзүнүн маегин берди.

– Алгачкы эле суроо, “Кыз” деген клибиң аркылуу эмнени айткың келди?

-Мен бул клипти бир күндө эле пландаштырып тартып койгон жокмун. Көп убакыт башымда сактап, ойлонуп жүрдүм. Клип аркылуу берейин деген эң негизги ой – бул, кыздардын эркиндиги. Аны чектөөгө эч кимдин укугу жок. Биз, кыздар, өз эркиндигибизди коргошубуз керек. Тандоо укугуна ээбиз. Ар бир кыз каалаган нерсесин кийүүгө, каалаган нерсесин жасоого укуктуу. Менин берейин деген оюмду кээ бирөөлөр түшүнбөшү мүмкүн. Ал нормалдуу эле көрүнүш.

-Клипти элге тартуулоодон мурун чочулап, корккон жоксуңбу?

-Эгерде менде коркуу болгондо, клипти чыгарбайт болчумун. Эгер корксом дагы ал коркуу мени токтото албайт болчу. Коркуу – эч кандай жакшы жолго алып келбейт. Коркуп, башка бирөөнүн ой-пикири менен жашаган адамда эч кандай өнүгүү болбойт.

-Учурда калк арасында клибиңди пиар катары баалап жаткандар да жок эмес. Чындыгында эле таанылыш үчүн ачык кийинип клипке түштүңбү?

-Мен пиар кылгым келгенде башка жол менен кылмакмын да. Пиардын мындан башка да көп жолдору бар. Мен өзүм да күткөн эмесмин, клип ушунчалык тез таралып, популярдуу болуп кетем деп. Мен болгону ырым аркылуу өзүмдүн оюмду гана билдиргим келди.

Клипте ар кандай жашоо образын тандаган кыздар тартылганда, бул менен кандай идеяны айткың келди?

-Кыздар каалаганын кийет кааласа хиджап, кааласа чолок шым (шорта)кийет. Аны эч ким муну кий же тигини кылба деп айта албайт. Адам кандай кийинбесин ага сый мамиле кылуу керек. Анткени адамда кийимден башка да көптөгөн сапаттар бар. Андыктан адамды кийиминен улам балоо туура эмес. Кийими жамандын ичи жакшы болушу мүмкүн. А балкин кийими жакшы болгону менен терс сапаттарга ээ жаман адам болушу мүмкүн. Ошондуктан адамды сырткы келбетке карап эле жакшы же жаман деп айтууга болбойт деп ойлойм.

-Сага сын айткандарга кандай жооп берет элең?

-Мени сындагандарга эч нерсе дебейм. Мен аларды сыйлайм. Анткени ар бирибиз пикирибизди билдирүүгө укуктуубуз. (күлүп)

-Кыздардын коомдогу орду кандай деп ойлойсуң?

– Бизде кыздар таңулоолор менен жашашат. Көптөгөн нерселерден өздөрүн тыя беришет. Анткени коомчулукта кыздарга карата чектөөлөр коюлуп калган. Алар билбейт башка жашоо бар экенин. Башкача образда жашаса да болоорун. Алар эркин боло албай жатышат.

-ММКларга феминизм жөнүндө маек берген экенсиң. Өзүң феминистсиңби?

Ооба мен феминистмин. Бирок феминизм деген түшүнүктүү биздикилер туура эмес т үшүнүшөт. Феминизм- бул аялдар менен эркектердин ортосундагы тең укуктуулук. Ушул багытта алып караганда мен феминистмин.

-Мындан ары да чыгармачылык менен алектенесиңби?

-Албетте мындан кийин чыгармачылыкты таштабай улантам деген ниетим бар. Бирок, алдыдагы ырлар, клиптер туурасында азыр айтпай турайын деп жатам.Экинчи клибим кандай болоору сыр болуп турсун.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген