Өзбекстандын студенттери салттуу түрдө окуй башташты

Өзбекстанда студенттер кадимки форматта билим алып баштады. Сабактар санитардык нормаларды сактоо менен жүргүзүлөт. Аудиториялар жарымынан гана толуп, жатаканаларда коронавирус жуктуруп алгандар үчүн өзүнчө изолятор дайындалган.

Буга чейин аталган өлкөнүн жогорку окуу жайлары 16-ноябрдан баштап салттуу окуу форматына өтүшөөрүн Өзбекстандын Жогорку жана орто кесиптик билим берүү министрлиги билдирген.

Министрлик бул чечимди 12-ноябрда республикалык атайын комиссия кабыл алганын белгилеген.

Буга чейин пандемияга байланыштуу өзбекстандык студенттер аралыктан окуп жаткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген