Өзбекстандын премьери Акылбек Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Абдулла Арипов белгилегендей, өлкө жетекчиси жана парламенти тарабынан Акылбек Жапаровго көрсөтүлгөн жогорку ишеним анын натыйжалуу эмгек ишмердүүлүгүнүн татыктуу баалангандыгынын далили болуп саналат.

«Биргелешкен күч-аракеттер аркылуу бизин өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн өзбек-кыргыз өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого жетишебиз деп ишенем», – деди ал.

Өзбекстандын премьер-министри Акылбек Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.