Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Бүгүн, Кыргызстанга Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Танзила Нарбаева жана ал жетектеген делегация келет. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө шилтеме берип, “Дунё” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Билдирилгендей, визиттин алкагында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин спикери Талант Мамытов менен эки тараптуу мамилелерди, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

Визиттин жүрүшүндө регионалдык экономикалык потенциалды бекемдөө үчүн туруктуу мамилелерди түзүүгө багытталган “Өзбекстан менен Кыргызстандын ишкер аялдарынын диалогу” эл аралык бизнес -форумуна катышуу каралууда.

Анда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, өлкөлөр аралык өнүгүү жана ишкер аялдардын регионалдык кызматташтыгы маселелери каралат.

Делегациянын мүчөлөрү ошондой эле Ата-Бейит мемориалдык комплексине, Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат, мүрзөсүнө гүл коюшат жана андан башка иш-чаралар пландаштырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.