Өзбекстандын чек арасындагы эки айыл расмий түрдө Казакстандын курамына кирди

Казак-өзбек чек арасындагы Багыс жана Хиёбон калктуу конуштары расмий түрдө Түркстан облусунун аймагына кирди. Тиешелүү токтом шейшембиде Казакстан өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Токтомго ылайык, Багыс менен Хиябон айылдарынын жалпы аянты 795,62 гектарды түзөт. Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди.

Айылдардын Түркстанга кошулушу менен облустардын чек арасы да өзгөртүлөт.

Багыс айылы Чымкенттен 150 чакырым аралыкта жайгашкан. Ал жерде 1200дөй киши жашайт. 2001-жылы айыл жашоочулары “көз карандысыз республика” түзө турганын жарыялашканы менен белгилүү. Себеби айыл жашоочулары кайсы өлкөгө – Казакстанга же Өзбекстанга карай турганын билишкен эмес. Жыйынтыгында эки өлкө бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2003-жылы айыл Казакстанга өткөн, бирок калктуу конуш казак картасына киргизиле элек болчу.

Өзбек бийлиги келишим шарттары тууралуу кенен маалымат берген эмес.

Мартта аталган айылдын жашоочулары кайрадан нааразылык билдиришкен. 16-мартта Багыска өкмөттүк делегация келген. Эки аптадан кийин Багыс Сарыагыш районунун Акжар айылдык аймагына, Хиёбон ушул эле райондун Куркелес айылдык аймагына киргизилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.