Өзбекстандын автоиндустриясы тууралуу 4 кызык

Өзбекстан – өткөн кылымдын 90-жылдарынан өз унаасын чыгара баштаган  Борбор Азиядагы жалгыз өлкө.

1.Өзбекстандын жеңил унаалар паркынын дээрлик баары өз өндүрүшүнөн куралган. Машина чыгарчу негизги ишкана – Андижан облусунун Асака шаарындагы GM Uzbekistan заводу, жакындан бери Хорезмде филиалы иштейт. Дамас, Орландо жана  Лабо чыгарылат.  Мындан сырткары автоиндустрияда унаалардын бөлүктөрүн чыгарган 250 ишкана бар.

Самаркандда  SamAuto компаниясы азыраак көлөмгө ыңгайлашкан жүк ташуу унааларын чыгарса, Ташкенттеги Турин политехникалык университети автомобиль тармагы үчүн кесипкөй адистерди даярдайт.

Эксперттердин баамында, эгемендүүлүк жылдарында Өзбекстанда унаа менен камсыз кылуу 2,4 эсеге өстү. Жеңил машиналарга суроо-талаптын жогорулашына орто жашаган эл катмарынын кирешеси бат өсүп жатканы себеп.

Азыр Өзбестанда 1000 жашоочуга 70тен унаа туура келет. Эки жыл мурун эле миң жанга 58ден туура келчү. Божомолдор боюнча Өзбекстанда элдин унаа менен камсыз болушу 2025-жылга барып эки эсеге өсөт. 12 жылдан кийин 1000 кишиге 132ден машина туура келип калары күтүлүүдө.

2.«GM Uzbekistan» компаниясынын моделдик курамы 10 унаадан турат. Ар бири өзүнчө сүймөнчүккө жана суроо-талапка ээ. Аз май ичкен Matiz мекенинде гана эмес, Орусияда да популярдуу. РФте муну эң үнөмдүү жана аялдар көп тандаган машина катары таанышат. 2014-жылы «GMUzbekistan» ушул үлгүдөгү 46 миң машинаны сатты. 2015-жылы биирнчиликти Nexia эч кимге бербеди, 29 миң  даана сатылды, андан кийин келе жаткан Lacetti`ден 24 миң сатылды. А быйыл болсо Nexia`нын үчүнчү мууну сатуу лидерине айланары айкын болуп калды.

3. Автосүйүүчүлөр тамашалап калгандай, Өзбекстан – ак унаалардын мекени. Ысык климат айдоочулардын түс тандоосуна таасир этет, ошондуктан, машиналардын көбү ачык түстө. «GM Uzbekistan» 12 түстө унаа чыгарганына карабай,  эң попуялдуу болгону алтоо – ак,  ак саргыл, күңүрт боз, күмүш, көгүш жана кара. Өзбекстандагы унаалардын 97%ы ушул түстө.

4. Дүйнөлүк автомобиль каатчылыгы бардык өлкөгө, анын ичинде Өзбекстанга да тийди. Өзбекстандагы машиналардын көбү атамекендик өндүрүштө болгон үчүн негизинен экспорт азайды. Сатууну жакшыртуу үчүн автосалондордун кожоюндары  бир топ эле берешендик кадамга барышты – үч диллер акыркы кардарларынын ортосунда жаңы Matiz ойнотту. Ташкенттин тургуну Улугбек Бегалиев   августта биринчи унаасын сатып алган соң, ийгилик жылмайып, белекке ээ болду.

Улугбек Бегалиев,  акциянын жеңүүчүсү:

“Жакында эле жаңы Nexia сатып алганбыз. Бизге дагы бир унаа ойнотулат деп чалышканда, жеңүүчү мен болорумду ойлогон да эмесмин. Керемет деген бар тура, Matiz`ди атама берем, анын машинасы жок эле, унаа ага керек”.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.