Өзбекстандык темир жолчулар Ооганстанда кол салууга кабылды

20-августта Ооганстандын Мазари-Шариф шаарына жакын жердеги темир жол станциясынын күзөтчүлөрүнө куралдуу кол салуу болду. Анын натыйжасында өзбекстандык темир жол кызматкери оор жаракат алды.

Жергиликтүү маалымат сайттары жаракат алган темир жолчу Сурхандарыя облусунун борбору Термез шаарындагы ооруканага жеткирилгенин билдиришүүдө

Кабулдагы кабарчы Алим Рахманиярдын айтымында, Балх жолундагы куралдуу кол салуудан бир киши өлүп, дагы экөө жаракат алган.

– Балх провинциясынын полициясынын маалымат катчысы Алимшах Адиль куралдуу кол салуу 20-август күнү таңкы саат 7де болгонун айтты. Белгисиз кишилер жергиликтүү темир жол күзөтчүлөрүнө чабуул жасашкан. Окуя Мазари-Шариф – Хайратон темир жол линиясында болгон. Натыйжада темир жолдун бир күзөтчүсү өлүп, дагы бир күзөтчү жана өзбекстандык темир жолчу жаракат алды. Өзбекстан жумушчусун Термез шаарына алып кетишти, – деди кабарчы.

Полиция кылмышкерлерди издөөдө.

Бул арада бейрасмий маалыматтар боюнча Мазари-Шариф шаарына жакын Тоза Умид айылындагы мечиттин жанында атышуу болгон. Талибдер жоокерлер бараткан автоунаага кол салышкан. Натыйжада бир ооган жоокери өлүп, дагы үчөө жаракат алган.

– Мындан тышкары кол салуу болгон жерде эки өзбекстандык да мерт болуп, дагы бир өзбекстандык жаракат алган. Аны Термезге алып кетишкен, – деди Хайратондо жашаган этникалык өзбек.

Балх провинциясынын полициясы Мазари-Шарифтеги кол салуудан өзбек жарандарынын өлгөнү жөнүндөгү маалыматты четке какты.

Өзбекстан Транспорт министрлиги жана “Өзбекстан темир жолдору” компаниясы бул окуя тууралуу кабары жок экенин билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.