FB Twitter YouTube Одноклассники

Өзбекстандык артист Мирза Азизов Курсан Асановго ыраазылыгын билдирди

Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти, Ташкенттеги “Мукуми” театрынын директору Мирза Азизов Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго ыраазылык белектерин тапшырды. Бул жолугушуу 6-13-июнда театрдын Оштогу гастролу маалында өттү.

Мирза Азизов 2010-жылдагы июнь коогалаңы маалында Ошто досторунун үйүндө коноктоп жүргөн эле. 13-июнь күнү ага Өзбекстанга чыгып кетүүгө ошол кездеги Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов жардам берген.

“2010-жылдагы окуяларды айтып отуруунун кереги жок. Ошондо 47 жашта элем. Өмүр менен кош айтышым мүмкүн эле. Ал күндөрү Курсан Асанов мага экинчи өмүр тартуулады, атамдай болуп калды. Бул жөнүндө айтсам, бирөөгө жомоктур, бирок мен 2010-жылы 13-июнда Ош шаарында төрөлдүм. Бир тууган кыргыз элин, Курсан Асановду эч качан унутпайм”, – деди Мирза Азизов.

Ал Курсан Асанов өзбек элинин улуттук кийимдерин жана “кылычсыз генерал генерал эмес” деп миздүү куралды   белек кылды.

Ички иштер министринин орун басары бул жолугушуу үчун атайын Бишкектен келген. Курсан Асанов болсо Мирза Азизов менен акыреттик дос болгонун айтып, ыраазылыгын билдирди.

Мирза Азизов  жетектеген “Мукуми” театры менен Ош шаарында 6-13-июнь күндөрү гастролдо болду. Аларбир нече күн бою “Жөнөкөй келин” спектаклин тартуулашты. Курсан Асанов менен жолугушуу ушул сапардын алкагында өттү.

Сүрөттөрдүн автору: Алишер Исамов

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz