Өзбекстандан Кыргызстанга 600 миң сомдук снюсту алып өтүү аракети токтотулду

Бажы кызматкерлери чек арачылар менен биргеликте Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган снюс партиясына бөгөт коюлду. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Мамай» чек ара тилкесинде автоунаа менен 20 куту жалпысынан 2400 даана «никотин сагыздарын» ташып бараткан Кыргызстандын жараны кармалган.

«Тамеки өнүмү Өзбекстандан эч кандай жеткирүү документтерисиз алынып келинген », – деп айтылат билдирүүдө.

Товардын баасы 600 миң сом деп баланды. Ал эми бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын ала суммасы 206 миң 400 сомду түзөт.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналына катталды, сотко чейинки өндүрүш иштери баштатылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.