Өзбекстанда жатынынан операция жасалган аялды дарыгерлер тасмага тартып, интернетке жарыялап жиберди

Өзбекстандын Сурхандарья облусунун дарыгерлери жатынына сабиз тыгылган абалда келген аялдын операция учурун видеого тартып, интернетке жарыялап жиберишкен. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

Маалыматта ооруканага кайрылган аял жолдошу тарабынан кордукка кабылганы айтылат. Мас абалындагы өзбекстандык жаран аялынын жатынына сабиз тыгып, аял оор абалда дарыгерлерге кайрылган. Бейтапка операция жасалып, аны дарыгерлер тасмага түшүрүп алышкан.

Видеонун тартылып жатканын операция жасап жаткан дарыгерлер билип, бирок таюук салышкан эмес. Андагы медайымдар жатынга тыгылган сабиз кош бойлуулуктан сактануунун жаңы каражаты экендигин айтып, күлгөндөрү тасмага түшүрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген