Өзбекстанда жасалма документ көрсөткөн “студенттер” чыкты

Өзбекстанда коңшу өлкөлөрдө окуп келгендиги тууралуу жасалма документ тапшырган алдамчылар пайда болууда. Бул тууралуу  өзбекстандык сайттарга аталган өлкөнүн Билим берүү сапатына көзөмөл жүргүзүү инспекциясы кабарлап, мындай алдамчылардан сак болууну эскерткен.

Инспекция коңшу өлкөлөрдөгү университеттерден которулуу жөнүндө арыз тапшырган ар бир жарандын документтери кылдаттык менен текшерилерин билдирди.

“Текшерүүдөн өткөн адамдын документи жасалма болуп чыкса, алар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет”,- деп айтылат маалыматта.

11-февралда Өзбекстандын Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстанда окуган студенттердин Өзбекстан ЖОЖдоруна которулуу боюнча арыз тапшыруу мөөнөтүн 15-мартка чейин жылдырган.

Өзбекстан кошуналарынын ЖОЖдорунда окуунун сапаты өз улуттук рейтингине жооп бербейт деген жүйө келтирүүдө.

Өзбекстан Борбор Азия мамлекеттери баш болгон бир катар өлкөлөрдүн дипломдорун тааныбайт. Ошол эле учурда Орусия жана Батыш өлкөлөрүнүн дипломдорун кошумча сертификациясыз кабыл алат. Бирок Тажикстанда жана Кыргызстанда окуу акысынын арзандыгы өзбек жаштарын өзүнө тартып келген.

Ошто өзбекстандык студенттер массалык түрдө мекенине кетүүгө даярданып жатышат. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген