Өзбекстанда өткөн сынакта Кыргызстан 1-орунду ээлди

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк таронлары – 2019» эл аралык салттуу музыка сынагында Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын атынан жаш таланттар Каныбеков Эламан жана Каныбеков Айбек катышып, өлкөнүн биринчи орунду багындырышты. Бул жолу сынакка 80ден ашуун мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салтуу музыканын алып жүрүүчүлөрү катышкан.

Кыргызстандык жеңүүчүлөр К. Орозовдун “Жаш кербез”, Н. Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, А. Огомбаевдин “Ак- Тамак – Көк тамак” жана Н. Борошевдин “Кара –Өзгөй” күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып, калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калдырган.
Эл аралык сынактын калыстар тобуна мүчөлүкө Кыргызстандын атынан Кыргыз Эл артисти Роза Аманова да кирген.

Сынак өзбек президентинин катышуусу менен өтүп, жеңүүчүлөр беш миң доллар акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген