Өзбекстанда президенттик мектептерди чет өлкөлүк адистер жетектейт

Өзбекстандын элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов президенттик мектептер аймактардагы таланттуу жаштарды аныктоо жана алардын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн түзүлүп жатканын билдирди.

Өткөн аптада Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ар бир аймакта президенттик мектептер ачыларын айткан:

– Өлкөнү өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгаруу боюнча приоритеттүү тапшырма койдук, бул үчүн жаңы муундагы кадрлар керек. Мындай кадрларды даярдоо үчүн өлкөнүн ар бир аймагында жаңы типтеги – президенттик мектептерди ачуунун пландап жатабыз.

Мирзиёев бул ишти Каракалпакстандан баштоону сунуштаган, мектеп Нукуста орун алат.

Элдик билим берүү министри Шерматовдун айтымында, президенттик мектептер илим, технология, инженерия, искусство жана математикага басым жасайт. Билим берүү жайларын чет өлкөлүк адисттер жетектейт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген