Өзбекстанда мугалимдерди гезит-журналдарга жазылууга мажбурлашууда

Өзбекстанда мектеп директорлору мугалимдерди гезит-журналдарга мажбурлап жаздырууну уюштурууга милдеттенме алышууда. Бул үчүн алар элдик билим берүүнүн райондук бөлүмдөрүнүн башчыларына тилкат жазып беришүүдө.

Тилкатта директорлор «Маърифат кўзгуси», «Янги Сирдарё», «Халқ сўзи», «Янги Ўзбекистон», «Маънавий ҳаёт» сыяктуу басылмаларга жазылууну уюштурууга өз салымын кошууга милдеттенме алышууда.

Самарканд облусундагы «2022-жылы мезгилдүү басылмаларга жазылуу планы» аталышындагы документте ар бир уюм жана мекеме жазыла турган гезит-журналдардын тизмеси камтылган.

Соцтармактарда жарыяланган айрым маалыматтарга караганда, гезит-журналдарга мажбурлап жаздыруу демилгеси облус башчысы Эркин Турдимовго таандык.

Президент Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылдын 14-августундагы токтомуна ылайык, Өзбекстанда гезит-журналдарга мажбурап жаздырууга тыюу салынган.

«Матбуот таркатувчи» акционердик компаниясынын маалыматына караганда, ушул тапта Өзбекстанда 1200 гезит-журнал бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.