Өзбекстанда миграция агенттигинин мурдагы жетекчилигинин соту башталд

Ташкент шаардык сотунда Эмгек миграция маселелери боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Равшан Ибрагимов жана анын кол алдындагы үч кызматкеринин иши башталды.

Өзбекстандын Жогорку соту маалымдагандай, 2018-жылы ноябрда агенттиктин жетекчилиги ири өлчөмдө пара алуу айыбы менен камалган.

Агенттиктин жыйырмадай кызматкери Түштүк Кореяда иштөөнү каалагандардан 20 миллион доллар өлчөмүндө пара алууга шектелишкен.

Бул маалымат бир нече күндөн кийин Башкы прокуратура тарабынан тастыкталган.

Агенттиктин мурдагы чиновниктери пара алуу жана берүү, арам акчаны адалдаштыруу, компьютердик маалыматтарга мыйзамсыз түрдө ээ болуу айыптары менен жоопкерчиликке тартылышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.